07.04.2020 12:46

Аз камсыз үй-бүлөлөргө курттаган ун таратылдыбы?

Аз камсыз үй-бүлөлөргө курттаган ун таратылдыбы?

“Апрель” редакциясына көрүүчү кайрылып, “Кыргызстандын мамлекеттик материалдык резервдер фондунан берилген ундун ичинен курт чыкты” деп видеосун жөнөттү.

Видеодон сүйлөп жаткан айым аз камсыз үй-бүлөлөргө биринчи сорттогу, бирок курттап кеткен унду берип жатышат деп белгилейт. Ал унду ээлегенден кийин чыккан курттурды дагы видеого тартып алган.  

Ал эми өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгулов курттап кеткен ун боюнча өзүнүн Facebook-баракчасына төмөндөгүчө маалымат калтырган.

“Өкмөт тараткан ундун ичинен курт чыкты деп маалыматтарды жазып, бөлүшүүдөбүз. Бул маалыматты мен сыйлаган журналист агам акырын иним ушундай болуп жатыптыр, карап коесуңарбы, мына байланыш номуру, дареги деп личикама жазып койду ызы-чуу кылбай, жарыялабай эле. Ал маалыматты тийиштүү кызматкерлерге салып, тактоо үчүн жөнөттүм. Эртең таң атпай териштирип, жообу берилет. Беш кол тең эмес, кемчиликтер да болот ар бир иште. Күнөөлүүлөр болсо жазасын алышат, эгер тастыкталса ун кайра берилет, кечирим суралат. Өтүнүч, түшүнүү менен кабыл алсак”, - деп жазат Чынгыз Эсенгулов.

Эске салсак, бул мүнөздүү окуя мурун дагы катталган. 2016-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов мамлекеттик материалдык резервдер фондунда дээрлик 500 тонна курттап кеткен ун сакталып турат деп билдирген. Анда өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, бирок жыйынтыгы боюнча эч кандай маалымат берилген эмес.

Бул жаңы учур боюнча өкмөт комиссия түзөбү жана анын жыйынтыгы кандай чыгат убакыт көрсөтөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккандардын саны 228 киши болду. Ичинен 19у дарыгерлер. Төрт киши набыт кетти.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.