14.11.2018 17:46

Азиада-2018 чемпиону Дарья Масловага убадаланган миллион тапшырылды

Азиада-2018 чемпиону  Дарья Масловага убадаланган миллион тапшырылды

Жөө күлүк Дарья Маслова жайкы Азия оюндарындагы жеңишинен кийин убадаланган 1 миллион сомду алды. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Сертификатты тапшыруу аземи кечээ, 13-ноябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөн.

Эскерте кетсек, Дарья Маслова быйылкы Азия оюндарында 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундада чуркап келип, алтын медалга татыган.

Ошондой эле, үч күндөн соң 5 миң метр аралыкка чуркоо жарышына катышып, 15 мүнөт 30,57 секундада келип, күмүш медалга татыктуу болгон.

31-августта жеңил атлетти аэропорттон тосуп алуу учурунда КР Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов Маслова жеңиши үчүн акчалай сыйлыкка ээ болоорун билдирген.