17.12.2019 09:27

Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчилик кызматка аттанууда

Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчилик кызматка аттанууда

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги Кыргызстандын Малайзиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин ордуна көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, анын талапкерлигин бекитүү үчүн документтер эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетке келип түштү. Жана ал жакынкы отурумда каралуусу күтүлүүдө.

Азимбек Бекназаров өзү бул маалымат тууралуу түшүндүрмө бере элек. Буга чейин ал элчи болуу ниети жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде чыр чыккан. Мурунку элчи Кылычбек Султан дипломатиялык элчиликте жемкорлуктар тууралуу билдирүү жасаган. Коопсуздук кеңеши болсо Кылычбек Султандын өзүн айыптап чыккан.