17.02.2020 14:07
Кыргыз-тажик чек арасы: жарандык активисттер Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өткөрүшөт
Эртең Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өтөт. Бул тууралуу жарандык актиситтер билдиришти.
Алар Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси генерал-майор Абдулло Навжувоновдун билдирүүсүнө каршы чыкмакчы.
«Тажик генералына жана анын үй-бүлөсүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу керек», — деп билдирди активист Токтайым Үмөталиева.
Митингде тажик президенти Эмомали Рахмонго Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу жана жоопкерчиликке тартуу сунушталат.
Эскерте кетсек, тажик генералы 12-февралда маалымат жыйында Баткен облусу эч качан Кыргызстандын аймагы болбогондугун айтты.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: