23.05.2020 15:02

Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт

Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт

Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Шаарлардын мэрлерине жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылып жатып, беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар экенин белгиледи.

«25-майдан баштап коомдук унаа иштеп баштайт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Бирок ар бир тарап – жергиликтүү бийлик органдары, транспорттук компаниялар, карапайым жарандар инфекцияны жугузуу тобокелдиги канчалык деңгээлде өскөнүн түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана туруктуу байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт», - деди Кубатбек Боронов.

Мындан сырткары, медицина мекемелерин күзүндө инфекцияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүүсүнө даярдоонун, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуунун, мобилдик лабораторияларды өнүктүрүүнүн, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системаларды ата мекендик өндүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым коюлганы белгиленди.