10.09.2019 16:54

Азия Кубогунда Киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты

Азия Кубогунда Киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты

6-7-сентябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында өткөн Азия Кубогунда Киокушинкай каратэ боюнча кыргыз спортчулары 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Киокушинкай-кан каратэ федерациясынан билдиришти.

Махмудов Айдын, Асылбек уулу Арсланбек, Каныметов Нурмухаммед алтын медалга ээ болушса, Благодарова Валентина, Алисултанова Диана, Орозбек уулу Шамиль күмүш медаль тагынышкан, ал эми Шерматов Баэль коло медалдын ээси болгон.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Россиянын спортчулары катышкан.

Киокушинкай-  каратенин эң катаал жана оор түрүнүн бири, ал Японияда 1950-жылдары Масутацу Оямо тарабынан негизделген.