03.07.2018 10:04

Багам аралдарында эс алып жүргөн балерина кемедеги жарылуудан улам бутунан айрылды

Багам аралдарында эс алып жүргөн балерина кемедеги жарылуудан улам бутунан айрылды

Америкалык  балет актрисасы Стефани Шаффер Багам аралдарында эс алуу учурунда катердеги жарылуунун кесепетинен эки бутунан ажырады. «Ооруканада жаткан  22 жаштагы кыздын абалы оор»,- деп билдирди   NBS Chicago.

Окуя 30-июнь күнү болгон. Телеканал маалымдагандай, кеменин  бортунда экипаждын 12 мүчөсү болгон: алардын ону -америкалыктар, экөө - багамдыктар.

Кокусунан  катерден жарылуу  чыгып,  андан бир АКШнын жараны ошол жерден жан берген, дагы тогуз адам жаракаттарды алды. 

Стефани Шафферге  «ички жаракаттарды алып,сөөктөрү  көп жерден сынып кеткен» деген   диагноз коюлуп, бутун кесүүгө туура келген. 

Кыз азырынча өзүнө келе элек. Медиктер ага дары сайып, жасалма комага түшүрүп коюшту. Бийчинин туугандары Стефани балеттен тышкары футбол ойногонду жакшы көрөөрүн билдиришти. 

Жарылуунун себептери аныктала  элек. Полиция, өрт өчүрүүчүлөр ызматкерлери жана жарандык авиациялык мекеме кызматкерлери окуянын келип чыгышын изилдеп жатышат.