26.05.2020 12:20

Бала-бакчалар качан иштеп баштайт? Билим берүү жана илим министрлигинин жообу

Бала-бакчалар качан иштеп баштайт? Билим берүү жана илим министрлигинин жообу

Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзгөн.  Мониторингдин жыйынтыгында республика боюнча 9000ге жакын бөбөк бакчага бараары маалым болду.

“Балдардын коопсуздугу биринчи кезекте каралгандыктан, биз тиешелүү кызматтардын уруксатынан кийин гана бала бакчаларды жандандырууга өтөбүз”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Буга чейин балдар билим берүү Ассоцияциясы президент жана парламентке кайрылып жеке бала-бакчалардын ишин жандандыруу талабын коюшкан. Кайрылууга жооп болбосо тыюу салууларга карабай ишмердүүлүгүн уланта берерин билдиришкен.