23.04.2020 12:51

Балыкчы шаары коомдук жайларды дрон менен тазалап өзгөчөлөндү

Балыкчы шаары коомдук жайларды дрон менен тазалап өзгөчөлөндү

Балыкчы шаарынын активисттери шаардык көчөлөрүн дрондун жана мотодельтапландын жардамы менен тазалап жүрүшөт. Заманбап ыкма менен тазалоо иштеринин сүрөт, видеосун Балыкчы шаарынын муниципалитети өзүнүн расмий баракчасына жүктөгөн.

Коомдук жайларда тиешелүү дезинфекция иштерин «Бай-Дыйкан» аттуу демилгечи топтун мүчөлөрү жүргүзүшкөн.

 «Абадан чачылган дезинфекциялоо каражаттары адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт», -деп мэриядан ишендирип өтүштү.

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.  

302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.