10.06.2019 08:37
Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, эже-сиңди жабыркады
© иллюстрациялык сүрөт
Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, эже-сиңди жабыркады. Бул туурасында шаардын аймактык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 9-июнда Соң-Көл кичирайонунда болгон. Ичинде балдар ойноп жаткан батут шамалдан улам оодарылып кеткен.
«Жалпысынан ооруканага 7-8 бала кайрылган. Алардын экөө – эже-сиңдилер катуу жабыркаган. Жети жаштагы кыздын буту сынса, анын 3 жаштагы сиңдиси башынан катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түштү», -деп билдиришет ооруканадан.
Башка балдар биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: