Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Куттуктоону президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жарыялады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди 5-Май Конституция күнү менен куттуктайм.
Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин өнүгүү жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет.
Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.
Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.
Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.
Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм».
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: