27.08.2019 16:05

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдики делген мүлктөрдүн айрымдарын камактан чыгарды

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдики делген мүлктөрдүн айрымдарын камактан чыгарды

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдики делген мүлктөрдүн айрымдарын камактан чыгарды. Бул туурасында мекеменин расмий сайтында айтылды.

Маалыматка караганда, 20 мүлк Атамбаевге таандык эмес болуп чыкты. Алар: «Жал-23» кичирайонундагы №77 көп батирлүү турак үй, ушул эле үйдөгү 18 батир жана «Телерадиоуюмдар ассоциациясы» бирикмеси.

Башкы прокуратура УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаевге жана анын жакын туугандарына чындап таандык болгон кыймылсыз мүлктөрдү издеп табууну тапшырды. 

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура экс-президентке таандык делген 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн тизмесин жарыялап, аларды камакка алганын билдирген. 

Кийин Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев тизмеде көрсөтүлгөн мүлктөрдүн көбү аларга тиешеси жок экенин айтып чыккан. Ал муну «бийликтин кара пиары» атаган. 

Укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасында Башкы прокуратуранын тизмесине кирип калган Матросов көчөсүндө жайгашкан объектилер: кеңселер, кампалар, цехтер, соода борборлору жана дүкөндөр, турак жай эмес тамдар, жер тилкелери, темир жол Атамбаевге эмес, башка адамдарга таандык экенин жазып чыккан