09.03.2020 10:39

Башкы прокуратура: райондук соттордун митингдерди тыюуусу мыйзамсыз жана негизсиз кадам

Башкы прокуратура: райондук соттордун митингдерди тыюуусу мыйзамсыз жана негизсиз кадам

Бүгүн, 9-мартта Башкы прокуратура расмий билдирүү таратып, Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салу чечими мыйзамсыз жана негизсиз экенин белгиледи.

Маалыматка караганда, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары райондук соттордун митингдерди чектөө тууралуу чечимдерине каршы сунушун берип, шаардык прокуратура мэриянын 4-марттагы токтомунда айтылганарга каршылык билдирди.

“Жарандардын митинг, жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз жана жокко чыгарылышы керек”, -  деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи Май, Ленин, Октябрь райондук акимчиликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынганы айтылган.

Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин билдирген.

8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо маршы кармоолор менен аяктады.