31.05.2018 12:04

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогору Кеңеште берүүчү отчетко даярданбай келди

"Башкы эмес, башка прокурордун отчету" - Өткүрбек Жамшитовдун эл өкүлдөрүнүн алдына келүүсүн Рыскелди Момбеков ушундай сөз менен сүрөттөдү.

Жогорку Кеңеш дайындалганына бир ай болгон жаңы Башкы Прокурордун жумушуна азырынча баа бербей турууну чечишти. Жамшитов берген маалыматка ылайык, былтыркы коррупциялык иштерден 9 миллиарддай сомдун орду толтурулган. Тилекке каршы, мындай дыкат сандар башкы прокурордун жоопторунда кездешкен жок. Депутаттардын көпчүлүк суроолоруна Өткүрбек Асылбекович "Буюрса, аткарабыз, көзөмөлгө алабыз, тактап анан жооп беребиз" деген жооптор менен чектелди.