Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда

Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңеште  көпчүлүк коалиция бүгүн башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат. Талкууга Жамшитов өзү катышып, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар.

Жамшитовдун талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети жактырды.

Эми 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Талапкер Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында төрөлгөн. Жогорку, юридикалык билимге ээ. 2015-жылдан тартып, Жалал-Абад облустук прокуратурасында прокурор катары эмгектенип келген. 

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.