25.09.2018 18:29

Басымга кабылган журналисттер

Басымга кабылган журналисттер

Депутат Тазабек Икрамов журналисттер менен жол кайгуулчуларга муштум кезеген айдоочусун иштен айдап, жазалаптыр. Бул тууралуу эл өкүлү кабарчыларыбызга телефон аркылуу билдирди. Бирок, Икрамов "Спутник" маалымат агенттигинин журналистин "келесоо" деген пикиринен кайта элек. Тилекке каршы, акыркы күндөрү медиа кызматкерлердин эркин маалымат чогултууларына жолто болгондор көбөйдү. Кабарчыларга моралдык жана күч колдонуу менен басым көрсөткөндөр көпчүлүк учурда татыктуу жазаланбай келет. Эмнеге экенин кабарчыбыз Аман Бакиров талдап көрдү.