06.03.2019 15:23

"Басып кетким келет": Гүлзананын үмүтү

"Басып кетким келет": Гүлзананын үмүтү

Гүлзана Жаркынбаева үч жыл мурда авто кырсыкка учурап, баспай калды. Бирок ага карабастан тагдырлаштарына таяныч болуп, бир канча долбоорлорду жетектеп келет. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга атайын фотосессияларды уюштуруп турат.

Бирок Гүлзана өзү дагы жардамга муктаж. Креслодон туруп кетем деген тилеги бар каарманыбыздын үй-бүлөөсү реабилитациялык дарыланууга каражат топтош үчүн кайрымдуулук концерт өткөрүүгө даярданышууда. Сиздерди 20 апрелде 17:30да Кыргыз Драма театрында күтүшөт.

Гүлзаданын туруп кетишин каалагандар 0550120388 номурдагы элсом эсебине акча которуп берсе болот.