Баткен облусунда 600дөн ашуун адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды

Баткен облусунда 600дөн ашуун адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, учурда обсерватордо 337 жаран, ал эми изолятордо 82 жаран бар.

“Аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлдү жана карантининде да алар тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат”, -деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти.  Ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.