25.06.2018 15:00

Баткен облусунда депутат баңгизат менен кармалды

Баткен облусунда депутат баңгизат менен кармалды

Баткен облусунун Исфана шаарында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, шаардык кеңештин депутаты кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда тиешелүү кызматтар депутаттын жашаган жерин тинтүүгө алганда, көмүр сактаган жайдан 960 грамм баңгизаты табылган. Алдын-ала божомолго караганда, ал-героин. 

1963-жылкы жаран шаардык кеңештин депутаты болуп туруп, ИИМде маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча каттоодо турган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголду.