04.05.2020 13:22

Лейлекте каптаган сел 69 миллион сом зыян келтирди

Лейлекте каптаган сел 69 миллион сом зыян келтирди

Өлкөнүн вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Лейлектеги сел каптаган аймактарды кыдырды. Кырсык кесептинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 миллион сомду түзөт.

 Вице-премьер-министр жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүнүн алкагында алдын алуу иш-чараларын көрүү боюнча катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү милдеттендирилгени маалымдалат.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда жаратылыш кырсыгы 2-май күнү катталган. Саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сайларында катуу сел жүргөн.