10.05.2020 09:00

Чек арадагы чыр: Тажикстан Кыргызстанга нааразылык нотасы менен жооп кайтарды

Чек арадагы чыр: Тажикстан Кыргызстанга нааразылык нотасы менен жооп кайтарды

8-майда кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылды.  Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Элчиге Кыргызстандын жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин куралдуу жаңжалга алып келген чагымчыл аракеттерине байланыштуу Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды” -деп айтылат.

«Чыр-чатакка кыргыз жаранынын ок атуусу, анын артынан кыргыз чек арачыларынын ушул сыяктуу эле аракети түрткү берип, Тажикстандын аскерлери жооп чара көрүүгө мажбур болгон» -деп айтылат маалыматта. Ошондой эле жаңжалдан  эки тажик жараны жарат алып, ооруканага түшкөнү белгиленет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик тилкесинде болгон чырга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода чакырылган.

"Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата сайлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук куралдан ок атууга байланыштуу тажик дипломатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин каршы билдирүү нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышты", -деп белгиленген Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Эске салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжал чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон.