07.10.2019 09:03

Баткен облусундагы шахталарда алты адам газга ууланып, каза тапты

  Шахтадагы кырсык (2 материала)
Баткен облусундагы шахталарда алты адам газга ууланып, каза тапты

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам каза тапты. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болгон. Кырсык үч адамдын өмүрүн алган. Азырынча кырсыктын башка жагдайлары белгисиз.

Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Каза болгондор туугандар экени кабарланды. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы азырынча маалымат тарата элек.

Мамлекеттик экотехинспекциянын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2017-жылы кендерде өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 24 адам каза болгон. 2018-жылкы шахтада каза болгон адамдардын саны так эмес.