11.04.2018 14:07

Баткенде 20 тонна кара металлды мыйзамсыз алып өтүп бараткан жаран кармалды

Баткенде 20 тонна кара металлды мыйзамсыз алып өтүп бараткан жаран кармалды

Баткен облусунда чек арачылар  Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкерлери менен бирге мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз  өтүп бараткан жүктү кармашты. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз жараны Тажикстандан 20 тонна кара металлды  жана ар биринин салмагы 5 кг болгон 240 даана газ баллонун өткөрүүгө аракет кылган.

«Кыргызстандыктын газ баллондорго коштомо кагазы жок болгон. Тиешелүү документтерди толтурган соң, кармалган адам жана жүк МУККтун аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле,  «Чон-Капка – автодорожный»  өткөрүү пунктунда  дагы бир кыргыз жараны кармалды. Ал Казактандан мыйзамсыз түрдө 400 литр күйүүчү май алып кирүүгө аракеттенген.  Ал дагы жүгү менен кошо МУКК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», –  деп жазылат билдирүүдө.