01.05.2021 18:35

Баткен-Исфана жолу ачылды, төгүлгөн шагылдар алынганы айтылууда

Баткен-Исфана жолу ачылды,  төгүлгөн шагылдар алынганы айтылууда

Баткен-Исфана жолу ачылды. Буга чейин жолго төгүлгөн шагылдар алынды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашууда. Саат 16:40ка алынган маалыматтарга ылайык төрт көчө ачылды. 

"Төгүлгөн шагылдар алынды.  Коркунуч жок. Кенен каттап үйүңүздөргө жетип алсаңыздар болот.  Баардык унаалар жүрүп жатат" -деди күбө.