29.11.2019 17:33

Алмазбек Атамбаевдин соту: отурум 6-декабрга жылдырылды

Алмазбек Атамбаевдин соту: отурум 6-декабрга жылдырылды

Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча сот отуруму 6-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, иш 27 том болгондуктан адвокаттардын бардыгы аны менен таанышып үлгүрушкөн эмес. Сотто таанышып чыгууга убакыт берүү өтүнүчү келтирилип, ал канааттандырылды.

Белгилей кетсек, бул отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келинген. Анын жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаев УКМКнын катардагы кызматкерлеринин ишине зыян тийгизбөө үчүн каршылык көрсөтпөгөнүн билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Сот  Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурумдар жабык өтөт деген чечим чыгарган.

2013-жылы Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарып, ошол эле күнү Орусияга учуп кеткен. Бул иш кайрадан тергелип, Ички иштер министрлиги аны сотко өткөрүп берген.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Аларга «Коррупция» беренеси менен айып коюлуп жатат.