11.10.2018 12:13

Базар-Коргон районунун автобекетинен айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 20 жылга кесилди

Базар-Коргон районунун автобекетинен  айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 20 жылга кесилди

Базар-Коргон районунун автобекетинен 19 жаштагы айылдашын бычактап салган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу April.kg порталына Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы кыргызстандыкты КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп тапты. Эми ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, мүлкү конфискацияланат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Базар-Коргон районунун автобекетинен Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы тургунга 24 жаштагы айылдашы бычак уруп жиберген. Натыйжада 19 жаштагы атуул кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон. Окуянын тасмасы интернетте тарап, бычак сайган адам уруш чыккан маалда мас экени айтылган.  

 
+18 ВИДЕО! Видеону көрүү үчүн УШУЛ ЖЕРГЕ басыңыз