Базар-Коргондо 19 жаштагы жигит айылдашынан бычак жеп, каза тапты

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигит айылдашынан бычак жеп, каза тапты

Бүгүн саат 9:30 чамасында  Базар-Коргондогу автобекетте  эки жигит уруша кетип, бири экинчисине бычак сайган. Андан улам, 19 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы тургунга 24 жаштагы айылдашы бычак уруп жиберген. Натыйжада 19 жаштагы атуул кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон. Бычак сайган адам уруш чыккан маалда мас экени айтылат. 

«Бул окуя боюнча Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча 97-берене («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя териштирилип жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

 
+18 ВИДЕО! Видеону көрүү үчүн УШУЛ ЖЕРГЕ басыңыз