10.05.2018 22:45

Бажы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылды

Бажы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылды

Эртең, 11-май күнү УКМК тергөөчүлөрү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду суракка алышат. Бул тууралуу Кулматов өзү Knews маалымат агенттигине билдирген.

Бажы башчысы УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган. Кайсы иш экени азырынча белгисиз.  

Ал эми "Альянс-пресс" агенттиги кабарлагандай, Кубанычбек Кулматов жумуштан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Бажы кызматындагы өз булактары маалымдашкан. Алардын божомолунда, Кулматов жаңы өкмөт менен иштеше албай бул кадамга барышы мүмкүн. 

Белгилей кетсек, соңку айларда бажыдан өлкө казынасына түшкөн киреше 30%га өскөн.