Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Исаков кызматынан кетти

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Исаков кызматынан кетти

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары  Жеңиш Исаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Жеңиш Исаков өзү  кызматтан бошонуу тууралуу арыз жазган. Буга ылайык,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Исаков Жеңиш Исаковичти кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.