02.05.2018 08:37

Бажы кызматкерлери 30 млн сомдук телефондорду аткезчилик жол менен өткөрүп беришкен

Бажы кызматкерлери  30 млн сомдук телефондорду аткезчилик жол менен өткөрүп беришкен

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (МУКК)  Түштүк-батыш бажы кызматкерлери тарабынан жалпы наркы 30 миллион сомго жакын товарды мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын ачыктады. Бул туурасында МУККтун маалымат кызматы билдирет.   

2018-жылдын 27-апрелинде МУКК Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү документтери жок дүйнөлүк маркалардын жасалма товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу унааны кармашкан.

Маалым болгондой, бажы органдарынын кызматтык адамдары товарлардын ээлери менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, бажы мыйзамдарын бузуу менен импорттолгон товарларды бажы көзөмөл пунктунан текшербестен эле каттоодон өткөзүп беришкен.

Унааны кароо учурунда күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен биргеликте тиешелүү тартипте декларациядан өткөзүлбөгөн ар түркүн моделдеги мобилдик телефондор табылып алынды. Алардын баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 30 миллион сомго жакын турат.

Чогулган материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалоо) жана 204 (аткезчилик)-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.