16.05.2018 11:21

Бекешев: ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулу депутаттарды да, элди да каратып туруп алдаган

Бекешев: ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулу депутаттарды да, элди да каратып туруп алдаган

"10-майда биз (депутаттар) Бишкек  ЖЭБиндеги авария жана аны модернизациялоого алынган насыялардын максаттуу пайдаланылышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун карап баштаганбыз. Кесиптештерим чыгарган корутундуну  окуп  чыгып, менде дагы көп суроолор пайда болду", -деп билдирди депутат Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында. 

Депутаттын айтымында, суроолордун бирин ЖК жыйынында ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулуна берген. "Мени TBEA компаниясы тарабынан сатылып алынган товарларды, анын ичинде  бардык жерде талкууланып жаткан «каргашалуу»  аттиштерди баланска ким  өткөрүп алганы кызыктырды. Ылдыйдагы шилтемеде менин бул суроомо экс-директор "баланска мен өткөргөн эмесмин" деп ишенимдүү жооп бергенин уксаңар болот", - дейт депутат. 

Мындан улам, Дастан Бекешев бул суроону өзү иликтөөнү чечип, ишканага суроо жөнөткөн. 

"Мен  “Электр станциялары” ишканасына  бул тууралуу суроо жөнөттүм.  Алар 2017-жылдын 8-декабрындагы №884 жана ушул эле жылдын  29-декабрындагы №948 буйрукту жиберишти. Аларга ылайык, Өмүркул уулу эсепчиге негизги каражаттарды, кошумча бөлүктөрдү жана шаймандарды баланска алуу тууралуу тапшырма берген. Башкача айтканда 640 долларлык аттиштерди кабыл алган адам каратып туруп элдин алдында депутаттарды жана жарандарды алдап жатат.

Дагы бир көңүл бура турган нерсе, ЖЭБ модернизациясына тиешеси барлардын көбүн суракка чакырып, камакка алып жатышат, ал эми мурунку директор эркиндикте жүрөт.  ЖЭБдеги авария Өмүркул уулу жетекчи болуп турганда болгонун унутпаш керек.  Депутаттык комиссиянын корутундусунда биз TBEA компаниясы менен ЕРС тибинде контракт түзгөнүбүз жазылат, башкача айтканда , “ачкычына чейин” куруу тууралуу. Демек, бул келишимге ылайык, товардын баарын, кызматтарды, ишти кытайлык компания өзү сатып алат, биз кийлигишкенге, товардын баасына макул болууга же баш тартууга, сатылып алынып жаткан товардын түрүн  байкоого алууга укугубуз жок.

Анан, эмнегедир кайра эле аттишке басым жасалып жатат. Андан көрө, аталган долбоордун консультанты кайсы иши үчүн 5,9 млн доллар акы алганын сураш керек эле, бирок, келишим боюнча компания бул суроого жооп берүүгө милдеттүү эмес. 

Корутундуда дагы бир учур көз жаздымда калган: насыялык каражаттар КРга келген эмес, алар Кытайдын экспорттук-импорттук банкында ачылган Каржы министрлигинин эсебинде болуп, ал жактан түз эле кытай компаниясына которулуп турган. Башкача айтканда, модернизациянын жүрүшүндө коррупция болсо дагы, аны компаниянын жетекчилигин камакка алмайынча далилдей албайсың, бул болсо эл аралык  ызы-чууга алып келет.

Менимче, ЖЭБде коррупция болгонун далилдөө оор болот, конкреттүү далилдер жок болгондуктан аны төгүндөө да оңойго турбайт. Бир караганда, баалар жогорулатылгандай сезилет, бирок, бул сезимдерге ишенбей,  көз карандысыз эл аралык экспертизанын жыйынтыгына таянсак жакшы болмок. Калганынын баары – талаш-тартыш жана саясат, биз саясатсыз жашай албайбыз да", -дейт Бекешев.