27.01.2020 09:00

Белгилүү баскетболчу Коби Брайант каза тапты

Белгилүү баскетболчу Коби Брайант каза тапты

«Лос-Анжелес Лэйкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант Калифорниядагы учак кырсыгында 13 жаштагы кызы Жиана менен кошо каза тапканын америкалык басылмалар жазышты.

Баскетболчу кызы жана дагы үч киши менен бара жаткан тик учак Лон-Анжелестен түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс эмес жерде кыйраган.

Брайант 41 жашта болчу.

Баскетболчу карьерасын 1996-жылы мектепти бүтөрү менен Улуттук баскетбол ассоциациясында эң жаш оюнчу болуп баштаган.

«Лэйкерс» клубу үчүн 20 сезон ойноп, команда менен бирге беш жолу чемпиондук титулга жетишкен.

Боюнун узундугу 198 см келген Брайант Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң кымбат оюнчусу деп таанылган.

АКШнын улуттук курама командасында Брайант катышкан команда эки жолу Олимпиаданын алтын байгесин алууга жетишкен.

2018-жылы ал продюсерлик кылган «Кымбат баскетбол» тасмасы Оскар сыйлыгын алган. Американын «Sports Illustrated» журналы Брайантты акыркы он жылдыктагы мыкты беш спортчунун тизмесине киргизген.