24.12.2019 15:38

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 24-декабрда атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Опера жана балет театрында өттү. Көз көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, коомдук, маданий ишмерлер келишти.

Белгилүү кинорежиссердун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Жерге берүү расмисине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, куран окуду.

Эске салсак, эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн салган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан.