31.05.2018 15:39

«Берекеттин» мурунку жетекчилигине кылмыш иши козголду

«Берекеттин» мурунку жетекчилигине кылмыш иши козголду

«Берекет» ЖАКтын мурунку жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 7 млн сомдон ашык акчаны кымырып алган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Аталган кызматка «Берекет» ишканасынын учурдагы башкы директору кайрылып, ири суммадага акчаны жеп койгон мурунку жетекчиликке чара көрүүнү суранган. 

Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү учурунда ижарачылардан чогултулуп, Коомдун кассасына түшө турган акча каражаты Жабык акционердик коомдун кызматтык адамдары тарабынан жок кылынганы аныкталган. 

Бул факт боюнча Башкы прокуратура 171-берене («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу») менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда Каржы полициясынын Тергөө комитети тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.