16.08.2019 12:04

Алмазбек Атамбаевдин сотуна анын жубайын киргизбей коюшту

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Алмазбек Атамбаевдин сотуна анын жубайын киргизбей коюшту

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко Раиса Атамбаева киргизилген жок. Ошондой эле ал жакка барган Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева да кире алышкан жок. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында өтүп жатат.

Сот отуруму башталганы кабарланууда. Бирок ага журналисттерди да киргизбей жатышат.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.