Беш айлык боюнда бар келин коронавирустан сакайып кетти

Беш айлык боюнда бар келин коронавирустан сакайып кетти

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Covid-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон. Бул тууралуу коронавируска каршы туруубоюнча Республикалык штаб кабарлады.  

Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.

Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилген.

Бүгүн, 26-апрелде республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 киши жуктурган. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды.

370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми стационарда 304 бейтап дарыланууда. 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жугузган 8 бейтап илдеттен көз жумушкан.

Эске салсак, Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.