17.02.2020 17:42

«Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарына бюджеттен 40 миллион сом бөлүнөт

«Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарына бюджеттен 40 миллион сом бөлүнөт

«Бешинчи канал» менен «Пирамида» телеканалдарына бюджеттен 40 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бугүн, 17-февралда Маданият жана маалымат министрлигинин бул өтүнүчүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жактырды.

Парламенттин расмий сайтындагы маалымат боюнча, финансы министринин орун басары Алмаз Азимов былтыркы жылдын бюджетинен ашып калган каражаттын эсебинен эки каналга 20 млн. сомдон бөлүп берилерин айткан.