17.10.2018 16:28

Билим берүү министрлигинде ызы-чуу: билимге эмес, каталарга бай китептер

Билим берүү министрлигинде ызы-чуу: билимге эмес, каталарга бай китептер

5-6 класттын окуучуларына багытталган китептерди келиштире жаза албай, каталарды кетирген Билим берүү министрлиги сынга кабылды. Алардын мындай кадамы министрликке көлөкө түшүрүп гана тим болбостон, эбегейсиз каржылык чыгымдарды алып келет. Ичи билимге эмес, каталарга бай китептерди эми чогултуп келип жок кылган соң, кайра жаңысын басып чыгаруу керек.