Бир бейтапка 8 миңден 118 миӊ сомго чейин сарпталат. Каражат мамлекеттик бюджеттен төлөнөт

Бир бейтапка 8 миңден 118 миӊ сомго чейин сарпталат. Каражат мамлекеттик бюджеттен төлөнөт

COVID-19 оорулуулары мамлекеттин эсебинен акысыз дарыланат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет. Айтымында бардык чыгашаларды мамлекеттик бюджеттен жабышат.

“Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Бардык чыгашалар бюджеттен каржыланат – дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеӊил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миӊ 807 сом (өтө оор) сарпталат”, - дейт КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Белгилей кетсек бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат. 

COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери.

Учурда 312 киши бейтапканада, жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.