20.04.2018 17:02

Бир депутатка канча акча жумшалат?

Өкмөттү Жогорку Кеңеш тизгиндесе, парламентарийлердин өзүн эч ким суракка ала албайт. Эл  гана сындаганга укуктуу. Алардын ишине нааразы болсоң, жөн гана кобуранып эле кала бер дегендей. Буга карабастан, депутаттардын ар бир кыймылы карапайым калктын чөнтөгүнөн каржыланат. Бирок баардыгы эле бир депутатка жылына канча сом чыгарып жатканын аңдай бербейт. April.kg  кабарчысы Наргиза Асекова парламентарийлердин орундуу жана орунсуз чыгашаларын ийне-жибине чейин эсептеп көрдү.