Бир күндүн ичинде 20дан ашуун бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Бир күндүн ичинде 20дан ашуун бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

  • Бишкек ш. – 12
  • Ош ш. – 10
  • Жалал-Абад облусу – 1

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Белгилей кетсек бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат. 

COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери.

Учурда 312 киши бейтапканада, жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.