03.04.2020 11:31

Бир күндүн ичинде эки мектеп окуучусу өз жандарын кыйышты

Бир күндүн ичинде эки мектеп окуучусу өз жандарын кыйышты

Ысык-Атада бир күндө эки мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдашканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын билдирүүсүндө, 29-март күнү Рот-Фронт жана Тельман айылында өспүрүмдөр өз үйлөрүндө жан кыйышкан.

Маалыматка караганда, экөө жакшы жашаган үй-бүлөдөн болушкан.

Эске салсак, март айынын экинчи жарымында Ысык-Көл облусунда 5 тестиер өз өмүрүнө кол салышкан.

Маалыматка караганда, окуялар Балыкчы шаарында Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталган. Балдардын жаш курагы 11 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр болушкан.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.