Бир сутка ичинде 27 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алышты

Бир сутка ичинде 27 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алышты

Бүгүн, 28-майга карата өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

  • Бишкек ш. – 5
  • Ош шаарында – 15
  • Нарын облусунда – 7

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ошондой эле бир сутка ичинде республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учур катталды.

Учурда республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1594 кишиге жетти. Ичинен 1066сы сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ооруканаларда 512 бейтап жатышат. 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. 16 киши коронавирус илдетинен каза табышкан.