Бир суткада 6 дарыгерге коронавирус жуккан

Бир суткада 6 дарыгерге коронавирус жуккан

 Бүгүн, 12-майга карата республика боюнча медицина кызматкерлери арасында СOVID-19 инфекциясынын жаңы 6 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. Илдетке кабалган дарыгерлердин баары Нарын облусунда катталган.

Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн 12-майга карата коронавирустун жаңы 21учуру катталып, өлкө боюнча илдетке чалдыккандар 1037 кишиге жетти. Ал эми республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. 12 адам көз жумган эле.