Бир суткада 78 адамдан коронавирус табылды. Көбү Соль-Илецктен келгендер. Айыккандары да бар

Бир суткада 78 адамдан коронавирус табылды. Көбү Соль-Илецктен келгендер. Айыккандары да бар

Бүгүн, 18-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 78  учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

•   Бишкек ш. – 3 + 3 Санкт-Петербург ш. келгендерден

•  Чуй облусу - 3 + 43 Соль-Илецк ш. келгендерден

• Нарын облусу - 14

•  Ош ш. - 5

•  Ош облусу - 6

•  Жалал-Абад облусу - 1

 

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны  1216 кишиге жетти. Бир сутка ичинде  23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

•   Бишкек ш. – 20

• Жалал-Абад облусу – 3

 

Республика боюнча  бүгүнкү күнгө чейин жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.