18.07.2018 16:34

Бирдиктүү депозиттик эсепке 168 млн сомдон ашык акча топтолду

Бирдиктүү депозиттик эсепке 168 млн сомдон ашык акча топтолду

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 17-июлда Башкы прокуратура тарабынан дагы 20 млн. 324 миң сом которулду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы  билдирди.

Бирдиктүү депозиттик эсеп 3-июль күнү КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы токтомун ишке ашыруу максатында  Каржы министрлиги тарабынан ачылган.  

«Мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 20,3 миллион сом которулду», — деп жазылат  маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган эсепке Башкы прокуратура тарабынан 39 миллиондон ашыгыраак сом которулган.

Ал эми, УКМК тарабынан бул эсепке 2018-жылдын 11-июлунда 95,9 млн сом, 12-июлунда 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулган. Жалпысынан Бирдиктүү депозиттик эсепте 168 миллиондон ашык акча топтолду.