31.05.2018 08:30

Бишкек менен Сокулукта көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт

Бишкек менен Сокулукта көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт

Бишкек шаары менен Сокулукта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, бул өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу. 

«31-майдан 5-июнга чейин Бишкекте Щербаков көчөсүндө, 4-8-июнда Сокулук айылынын Ленинградская, 8-март көчөлөрүндө, 4-8-июнда Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү, 186-үйдө, Грибоедов, Бакаев, Түштүк-Батыш районунда көгүлтүр отун өчүрүлөт. Оңдоо иштери керектөөчүлөргө газды үзгүлтүксүз берүү максатында өткөрүлөт», – деп жазылат билдирүүдө.