06.05.2020 12:19

Бишкек мэриясы сулуулук салондор менен чач тарачтарды текшерүүдө (сүрөт)

Бишкек мэриясы сулуулук салондор менен чач тарачтарды текшерүүдө (сүрөт)

Бишкек мэриясы сулуулук салондор менен чач тарачтарды  санитардык эрежелерди сактоо жагын текшерип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Кызматкерлер 32 салонду кыдырып, санитардык тазалоо каражаттары бар экендигин, кардарларды кабыл алууда тазалык жана коопсуздук чараларын текшеришкен.

Үч салондо мыйзам бузуулар болгону белгиленет . Кемчиликтерди жоюу боюнча ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 871 кишиге жетти. Республика боюнча  жалпы 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.