14.02.2020 09:00

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетти

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетти

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган жана анын берген арызына кол коюлду.

Белгилей кетсек, Мейрманова Билим берүү башкармалыгынын 2014-жылдан бери жетектеп келген.