16.07.2018 16:39

Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөттү

Өткөн жума маанилүү делген жаңылык менен аяктады. Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысы Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Чукул жыйынга чогулган 40 депутат жашыруун добуш берип, шаар башчысына ишенбей турганын билдиришти.

Ким кандай добуш берди деп кулак түрбөй эле койсоңуз болот. Анткени жыйынга катышкандардын баары бир добуштан Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Демейде, мэрдин саясатын үнсүз эки колун көтөрүп колдогон ошол эле КСДПнын тизмеси менен келген шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев бүгүн үнүн бийигиреек чыгарып, билдирүүлөрдү жасоого да үлгүрдү.